www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев саясий кеңештин мүчөлөрүнүн КСДПнын бөлүнүшү жөнүндө жазган каттарына эч кандай реакция жасаган жок. Бул тууралуу журналисттерге Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымын боюнча, ал жана саясий уюмдун жетекчилигинин башка өкүлдөрү адвокат аркылуу УКМКнын тергөө изоляторуна өлкөнүн мурунку президентине жана КСДПнын негиздөөчүсү Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошкон.

“Биз ага саясий уюмдагы кырдаал жөнүндө, Ирина Карамушкина, Темирлан Султанбеков жана анын уулдары бизге айтпай туруп жаңы партия түзүшкөнү тууралуу билдирдик. Бирок эч кандай реакция болгон жок. Учурдагы кырдаалды Алмазбек Атамбаев менен жеке талкуулоого мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ал менен адвокаттарга жана үй-бүлө мүчөлөрүнө гана жолугушууга болот” – деп билдирди Адил Турдукулов.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин уулдары Сеид жана Кадыр жаңы “Кыргызстан социал-демократтары” париясын түзүшкөн. Бирок, партиянын расмий түрдө ачылышы боло элек. Жаңы бирикмеде КСДПнын атрибуттары жана символдору колдонулат. Мурунку мамлекет башчынын уулдары 2020-жылкы парламенттик шайлоого катыша турганын билдиришкен.

Мыйзам боюнча, Алмазбек Атамбаев эки партиянын тең мүчөсү боло албайт.  Социал-демократтардын катарында орун алган бөлүнүүдөн жана жаңы саясий уюмдун түзүлүшүнө байланыштуу ал эки партиянын кайсынысын колдой тургандыгын чечиши керек. Учурдагы кырдаал эки ача – Атамбаев өзү түзгөн партия жана анын балдары түзгөн партия. Эки түзүмдө тең анын шериктери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости