www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-майда Жети-Өгүз районунун прокурорунун 150 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылган ага жардамчысы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 22-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүш аяктаганча шек саналып жаткан прокурор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Атайын кызмат Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы 22-май күнү 150 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшкөнүн билдирген. Ал арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн андан 2 миң доллар талап кылган.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин “Пара талап кылуу”  беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости