www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубатбек Кожоналиев "Кумтөр Голд" компаниясынын корпоративдик башкаруу жана укуктук маселелер боюнча директору болуп дайындалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга ал өзү тастыктады.

Аны кызматка дайындоо боюнча буйрукка узаган жумада "Кумтөр голд компанинин" убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк кол койгон.

Кожоналиев ишкананын коопсуздук кызматын, өкмөт жана региондор менен иштөө боюнча башкармалыкты, ошондой эле ЖМКлар менен иш алып баруу бөлүмүн тескейт.

Ал "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын ишине да кол кабыш кылганын кошумчалады.

Кубатбек Кожоналиевдин кесиби юрист. Эгемендикти алган жылдары Кыргызстандын аскер прокурору, улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.

2012-жылы 5-октябрда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов менен кошо бийликти күч менен басып алууга айыпталып кармалган. Көп өтпөй үй камагына чыгарылып, 2013-жылдын 29-мартында Биринчи май райондук соту толугу менен актаган.

2015-жылдан бери Согуштун ардагерлери, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана эмгектин каармандарынын республикалык кеңешинин төрагасынын орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости