www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Япониядан жооп күтүүдө

Орусиянын Токиодогу элчиси Михаил Галузин, өлкөсүнүн коронавируска каршы иштеп чыккан «Sputnik-V» вакцинасын экспорттоого жана өндүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Орусиянын элчиси Галузин пресс-конференцияда, өлкөсүнүн Японияга вакциналар менен камсыз кылуу боюнча буга чейинки сунушун эске салып: «Биз Япония менен Sputnik вакцинасына байланыштуу кызматташууга даярбыз», деди.

«Sputnik-V» вакцинасынын дүйнөнүн 65 өлкөсүндө колдонууга уруксат берилгенин жана Индия менен катар кээ бир өлкөлөрдө өндүрүлүп жаткандыгын айткан Галузин, орусиялык вакцинанын экспорту жана Японияда өндүрүү боюнча япон өкмөтүнөн жооп күткөндөрүн айтты.

Япония өкмөтү, Covid-19га каршы «Pfizer» вакцинасын колдонууга февраль айында, Moderna жана AstraZeneca вакциналарына болсо ушул жуманын ичинде уруксат берген болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости