www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген элибиздин накыл кеби бар. Тилекке каршы, бүгүнкү кадр саясаты мындай жогорку баалуулуктарды уруп ойнобой, тескери жолго бет алганын кантебиз?

Маселен, ушу тапта транспорт прокурорлугуна Нурлан Нышанбаев аттуу “чала сабат” кадр баратат. Бул эргулдун аялынын таякеси Ысык-Көл облусунун губернатору Акылбек Осмоналиев болсо, ал эми өзү президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаевдин күйөө баласы. (Бул кызматты мурда айтылуу Манас Арабаев ээлеп отурган.)

Нурлан Нышанбаевдин бир тууган иниси Мирлан Нышанбаев Ош аэропортунун директорунун орун басары. Мына ушундай чырмалышкан жакын туугандар чечүүчү кызматтарды минишип, бийликтин беделине кедерги болуп атышат. Качан биз туугандуу бийликтен арылабыз?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости