www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эри менен жаңжалдашып, анан төркүнүнө кетип калып, анан таарыныч ызасы тараганда кайра кайтып келгендей кадрдык өзгөрүүлөргө элдин эси эңги-деңги болуп турган чак. Ошондон улам, кээсин төркүнүнөн алдап-соолап алдына түшүп алып келгендей ала-була кылбастан, кылмыш иши козголуп айыпталып иштен алынгандарды кайра өз ордуна коёлу.
Дегенибиз, Алымкадыр Бейшеналиев менен Доскул Бекмурзаевдин окуясы окшош. Экөө тең коррупцияга шектелип кылмыш иши козголуп, иштен алынган. Андыктан теңдик, акыйкаттык болсун десек, Алымкадыр аппак болуп, Доскул мокочо бойдон калбашы керек го.
Демек, Доскул Бекмурзаевди дагы Энергетика министри кылып алып келген оң болуп жүрбөсүн. Ансыз деле азыркы министр Таалайбек Ибраев кыйраткан жок. Элге электр энергиясы жетпей жатса, бир райондун электр энергиясын бир жеп койгон майнинг ферма иштеткенге уруксат берип мурдун балта кеспей отурат.
Балким, Жараткандан кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурап көзүнөн жаш агып, мурдунан суу куюлган Доскул Бекмурзаевди алып келсек, мурдагыдай алкын бузган күмөндүү, мыйзамсыз иштерге аралашпай иштеп берет. Кантсе да Кудайга тобоо келтирип жаткан неме эсине келгендир. Бизге мыйзам алдында акталып отуруштун эмне кереги бар?
Булак: NazarNews.kg