www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургундарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына болгон карызы 185 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет. 

Маалыматка ылайык, натыйжада абоненттердин карызынан улам ишкана кызматкерлеринин эмгек акылары кечиктирилип, атайын техникаларды өз убагында оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет. Ошол себептен “Тазалык” муниципалдык ишканасы бир жылдан ашык убакыттан бери таштанды чыгаруу үчүн акча төлөбөгөн карызы бар жарандардын үйлөрүнө атайын наклейкаларды чаптоону сунуштоодо.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаар аймактарын санитардык тазалоо, шаардын жолдорун оңдоо, сырткы көрктөндүрүү элементтери боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт, ошондой эле борбордун калкынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин каражаттарынын эсебинен катуу тиричилик таштандыларын чогултат жана чыгарат", - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости