www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызда жакшы сөз бар жоктон тапкансып деген. Анысы сыңары Антимонополия кызматынын директору болуп Гүлшат Асылбаева дайындалды. Мына кадрдык башаламан саясаттын кесепети. Коомчулукта кадр табылбай карайлап, жер сыйпалап калган учурда дагы Асылбаеваны директор кылгандын өзү ката.
Бул айым Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда деңгээлин жакшы эле көрсөткөн. Сөз эркиндигине чүлүк салган “Ишенимсиз (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” деген мыйзамды киргизип, Кыргызстандагы демократиялык процесстерди бир топ чектеген абалга алып келген. Бул мыйзамга башында фейктерге каршы делген көйнөк кийгизилип, кийин реалдуу Маалымат каражаттарына каршы иштетүүгө ылайыкташып өзгөртүп алышты.
Бул айым кыргыз тилин дагы билбейт. Билейин деген ниети, каалоосу дагы жок. Кыргыз тили боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик тилди билбеген кызматкерлер жетекчилик кызматта иштей албайт. Анан эле бул мыйзамды Гүлшат Асылбаева кантип кыйгап өтүп, директор болуп отуруп калды? Каалайбызбы, каалабайбызбы мыйзам баарына бирдей иштеш керек го. Анан эле казак диаспорасынын жетекчисине дайындалгандай, мыйзамды аттап өтүп кеткенин кандай түшүнсөк болот?
Кыргыз Республикасында кыргыз тилине сый-урмат жок болсо, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан кыянаттык мамилеге бөгөт коюлбаса, анан кыргыз тилин казактар, же кытайлар өнүктүрүп береби?
Булак: NazarNews.kg