www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куйругунда калбыры бар Мураталиев...

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин дагы «куйругунда калбыры бар» коррупция менен жакшы тааныш, баскан изи мандемдүү неме экен. Дегенибиз, бул эргул Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрдын оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн 211 миллион сомдун сарпталышында коррупияга жол бергени айтылууда. Мисалы, объектини эксплуатацияга берүү 2017-жылдын октябрь айында Атамбаевдин катышуусунда болгонуна карабастан, курулуш башкармалыгы 2018-жылдын май айына чейин отчёт берип жүргөн. Анан да бул жерде баалар өтө жогору болуп көрсөтүлгөн.

Маселен, жабдыктарга 7,5 миллион жумшалса, аны орнотуу 25 миллион сомго чыгып кеткен. Бул коррупциялык иш боюнча УКМКга арыз жолдогон. Учурда курулуш иштери боюнча драм театрдын документтери прокуратурада экспертизадан өтүп жатат. Эми былыгы билинип, кайырмакка илинеби, же «кимди ким көрдү Быржыбайды там басты болуп» иш жабылабы азырынча белгисиз. Ошентсе да «май кармаган бармагын жалайт» болгон бул ишти, «карга карганын көзүн чукубайт» кылып калтырган болбойт...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости