www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле «Учкун» мамлекеттик ишканасына Даир Кенекеев жетекчи болуп барган. Андан бери аз гана убакыт болду. Жетекчи болуп баргандан кийин, 3 айдын ичинде эле «Учкунду» буттан тургузуп, карыздарынан кутултуп, киреше алып келген ишканага айлантып, анан жогору жакка кызматка кетээрин жаамака саймедиреп катуу күпүлдөгөн. андан бери Даирдын жомогуна ишенген жамаат эки айдан бери айлык ала алышпай, аңкайып отурат. Өнүктүргөндү мындай кой, жамаатына айлык бере албагандан кийин, кайсы ары-на кыйын болду десең...

Учурда «Учкунда» иштегендер нааразы болуп, жеткен популист экен, колунан эч нерсе келбейт дешип, нааразы болуп жатышкан чагы. Ырасында, Кенекеевдин эч бир ишти майын чыгарып иштегенин көргөн жан жок. Мүлк фондун жетектеп турганда Чыныбай Турсунбековго менчиктештирип берген борбордун чок ортосундагы Арак заводунан чыккан чырдан улам иштен айдалган. Таласка губернатор болуп барганда, Манастан үзүндү окуп бермекчи болуп популист адатын карматып, эл окутпай койгон. Эми минтип «Учкунга» согончу сыйбай жатып жамаатка жек көрүн-дү болуптур. Деги жолу катуу экен...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости