www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери илдетти алдын алууда аткарылган иш-чаралар канчалык деңгээлде ишке ашырылды деген суроолор менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы подполковниги Кулгельди Качкынбаев менен маек курган.

--Кулгельди Качкынбаевич саламатсызбы. Өзүңүз ушул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ардагери катары өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал тартибинде иштеген ички иштер органдарынын кызматкерлери, анын ичинен жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн жер-жерлердеги кызматкерлердин ишине кандай баа бере аласыз?

--Өзүңөр көргөндөй, республика аймагына өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттары кириши менен жол кыймылын көзөмөлдөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери кесиптештери менен бирге күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Санитардык-карантиндик посттордо жана кыймылдап жүрүүчү мобилдик топтордун баарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкармалык жана бөлүмдөрүнүн кенже инспекторунан баштап баары жапа тырмак күнү-түнү дебей жарандарыбыздын ден соолугуннун коопсуздугун камсыздоо үчүн жүрүштү. Буга чейин, биздин убакта киргизилген өзгөчө абал шартынан айырмаланып бул жолу адамдын өмүрүнө байланыштуу болгон инфекциялык илдеттин биринчи жолу келиши оорчулук туудурду. Бирок биздин кызматкерлер буга дагы туруштук беришти, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, талаптарды түшүнүү менен кабыл алганы дагы болду, түшүнбөй туура эмес кабыл алганы болду, кызматкерлер мыйзам чегинде иш алып барып, баардык шарттарды туура жол менен чечип жатышты.

--COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн көрүлгөн чаралар канчалык деңгээлде натыйжалуу болду деп ойлойсуз?

--Бул илдет дүйнөгө тараган жаны инфекциялардан болгондуктан аны алдын алууга карата дүйнөлүк колдонулган ыкмалалар бизде дагы мыкты өткөнүнө күбө болдук. Өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар, алдын алуу жумуштары, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Илдети алдын алууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалынынын бардык республика аймагындагы кызматкерлеринин иши мактоого татыктуу болду. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлор бөлүнүп берилген санитардык-карантиндик посттордо, шаар, айыл ичтеринде күндүн ысык-суугуна, жаан-чачынга карабай күнү-түнү дебей алдыга койгон милдеттерин аткарып жатышат.

--Мына жаш кызматкерлер азыр катарга кошулуп жатышат, ушул жаш муунга кандай каалоңуз бар?

--Ооба, бизде азыр пилоттук долбоордо жаңы түзүм милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы Бишкек шаарынын аймагында иш алып барып жатат, бул түзүмдүн 90% жаш кызматкерлер, андан башка дагы бизде курамда жаш кызматкерлер келип иштеп жатышат. Биздин курамдагы жаш муунга жол кыймылынын коопсуздугун сактоодо жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызматтык милдеттерин намыстуулук менен так аткарууларын каалап кетмекчимин. Жаш кызматкерлер мыйзамдуулукту ар дайым эстеп жүрөт деген үмүтүм бар. Ардагерлердин тажрыйбасы жана көп жылдар бою топтолгон жөндөмү жаштардын профессионалдык жактан калыптануусуна түрткү берет деп ойлойм. Ички иштер органдарынын кызматкери болуу - бул жөн гана кесиптин ээси болуш эмес, негизинен алганда бул- тагдыр. Бул коомдогу маанилүү кесиптердин бири гана эмес, ал үйдө, көчөдө, шаарда жана өлкөдө тартип менен мыйзамдуулук кармалып турган туруктуу күч. Жаштар, миллиондогон адамдардын ишенип берген өзүнүн өмүрү, ден соолугу, балдардын жана улгайган адамдардын жашоосу, биздин өлкөнүн тагдыры үчүн милдеттерин так аткаруусу зарыл деп белгилейм.

--Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төагасы катары кызматкерлерге жана жалпы кыргыз элине кайрылууңуз барбы?

--Биздин башкы башкармалыктын ардагерлер кеңешинде жүздөн ашык ардагер бар, бул илдет башталганы биз дагы жөн отурганыбыз жок. ИИМдин Ардагерлер кеңеши менен биргеликте кызматкерлерге жардам көрсөтүп жаттык. Кызматкерлерге ысык тамак уюштуруп бердик. Май айынын 15 күнү каза болгон кызматкерлерибизди эскердик. Эми ардагерлер кеңешинин атынан, ардагерлердин атынан жана ушул кеңештин төрагасы катары мен өз элиме жана кызматкерлерге: Биринчиден ар бир кызматкерге рахмат жана ар биринин өздөрүнө жана үй-бүлөөсүнө ден соолук каалар элем. Илдеттен сак жана жумушка так болгула дейт элем. Ошондой эле жалпы кыргыз элим карантиндин бүтө электигин эске алып, карантиндин талаптарын так аткарып, маска тагынып, антисептиктерди колдонуп, жөнү жок үйдөн чыкпай, ички иштер органдарынын, саламаттыкты сактоо медицина кызматкерлеринин эскертүүсүн түшүнүү менен кабыл алуусун сунуштайт элем. Темирдей тартип менен биримдикте биз бул илдеттин жайылып кетишине жол бербей жеңип чыгабыз дээр элем. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости