www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ленин райондук сотунда 26-майда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча алгачкы сот отуруму болду.

Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде активист Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Жапыкеевдин тарапкери Канат Хасанов жергиликтүү булакка билдиргендей, анын жактоочусу доо арыз менен таанышып чыгыш үчүн убакыт сурагандыктан, отурум 4-июнда уланмай болду.

«Биз тараптан бир, Жумалиев тараптан эки адвокат болду. Мыйзам боюнча доо арыздын бир көчүрмөсү бизге берилиши керек болчу, берилбеген соң аны карай албайбыз», - деди ал.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.

Жапыкеев жакында Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган.

Бүгүн, 26-майда Ички иштер министрлиги Эк-прокурор Сыймык Жапыкеевдин айткан сөздөрүндө бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар бар экенин кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости