www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, бир кезде саясат айдыңында жылдызы жанып, элге катуу алынган генерал Феликс Кулов, чээнге кирген аюудай дайыны билинбей калды. Балким карыдым деп, жаш аялдын жанынан чыккысы келбей калганбы же дагы бир нерсени күтүп жатабы, аны ачык айтып болбойт.
Эх, бир кезде жаамы Солто уруусунун эли “биздин уул” деп катуу сыймыктанды эле. Бирок, орто жолдон мансап үчүн тандемге бара коюп, абдарыкатын кетирип алганы өзүнө жаман “минус” болду.
Кайран гана мансап менен байлыктын азгырыгы. Болбосо акыркы же мурунку шайлоодо ажолук такка ат салышмак беле, ким билет? Андан дагы кашайып эне тилди билбей жатканы, көп нерсеге каскак болуп жатпайбы. Курган атасы менен энеси кайдан дагы орус мектепке бере салды эле, чала кыргыз кылып. Чала кыргыздардын канчасы тилди билбегени үчүн өкүнүп жатканына турмуш өзү күбө.
Аттиң, ушунча кадыр-барк топтоп алып, тымпыйып жаткан эркек кишиге кантип жарашсын. Деги Кулов мырзанын дайыны барбы, болсо минтип чала мыйзам чыгарып, элге уят болуп жаткандарга баш-көз болсо болбойт беле...
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg