www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окурманыбыз өзүнүн арзуусун айтып биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын сыр туткан арзуусун сиздерге бөлүшмөкчүбүз.
Ооба, “сүйүү” деген неме карыга -жашка, чоңго- кичинеге, байга- кедейге, депутатка -шайлоочуга карабай келген бир назик сезим экен го?
Айткандай 2016-жылы күзүндө депутаттык шайлоо болуп “мен кыйрата калам” деп, убаданы өкүртө берген будуң-чаңда сиз дагы бир, эки талапкер менен биз жашаган аймакка келип жыйналыш кылып, суроо-талаптарга жооп берип калдыңыздар. Мен ошондо сизди биринчи жолу көрүп, ушунчалык таасирлендим. Анткени сиз болуп-көрбөгөндөй көзүмө сулуу анан акылдуу көрүндүңүз. Сиз менен бирге айлана –чөйрө, сиз турган секи да мага укмуш кооз көрүндү. Бир убакта сиз да чыгып өз оюңузду айтып калдыңыз. Мен сиз эмнени айтып жатканыңызды деле укканым жок, анткени сиздин сүйлөө речиңиз, шыңгыр добуш үнүңүз, кулагыма кудум булактын таза үнүндөй угулуп турду. Ал турсун имиджиңиз да жакшы окшойт, анткени кийген кийимдериңиз сиздин турпатыңызга абдан жарашат экен. Аттиң, сизди алган жолдошуңуз кандай бактылуу болду экен?- деп да ойлоп жибердим. Андайда адам баласынын оюна эмне деген гана ойлор, санаалар келип кетпейт.
Мен ошондо аял заты эмнеге жаралганын билдим. Көрсө сулуу турпаты менен эркектерди азгыруу, таттуу кыялдарга жетелеп, акыл-эстен алып, жүрөктү эле эмес аң-сезимди өзүнө баш ийдирип алуу үчүн жаралганына нак ишендим. Сиздин боюңузга жарашыктуу кийген кызыл түстөгү көйнөгүңүз, сиз сүйлөп турганда кечки шамалга желбиреп, сиздин турпатыңызга дагы сулуулукту кошуп турду. Көрсө аял затына узун кийген көйнөк дагы көрк берет белем. Улам убакыт алдыга жылган сайын күн кечтеп, айлана күүгүм татып бара жатты. Ан сайын сиздин турпатыңыз да караңгылыкка сиңип, сизди менден алыстатып баратты.
Айтмакчы, андан бери үчүнчү жылга кадам басты, сизди теледен көрүп калсам деп аңдыйм, бирок эмнеге чыйпайсыз, сизди жок дегенде теледен көрсөм деген оюм да ишке ашпай бара жатат. Сизден өтүнүч, балык депуттардын катарын толуктабай, анда-санда сөз сүйлөп турсаңыз болот эле.
Сизди сүйүп калган жигит
Булак: NazarNews.kg