www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү.

«Тараптар кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык күн тартибин талкуулашты, ошондой эле, алдыда боло турган тышкы саясий окуяларга байкоо салышып, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алышты», - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, маектешүүлөр аймактык коопсуздук, «Борбор Азия + Орусия Федерациясы» диалогунун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине жана мамлекет башчыларынын Нур-Султандагы саммитин өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. 

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин жана динамикасын белгилешип, Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жана бекемдөө үчүн жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости