www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Vatan» (Мекен) партиясынын төрагасы Өзгүр Бурсалы түрк элинин НАТОго каршы көтөрүлүшкө чыкканын, бул альянстан чыгуу өтүнүчүнүн астында чогултулган колдордун саны менен да көрсөтүлгөнүн айтты. Бул тууралуу Aydinlik басылмасы жазды.
Бурсалы «Ватан» Түркиянын 100дөн ашуун облус жана райондорунда буга чейин миңдеген кол топтогон. Бирок ал кайсы аймактарда жана канча кол коюлганын тактаган жок.
«Ватан» июль айынын башында Түркиянын ири шаарларында өлкөнү НАТОдон чыгаруу үчүн масштабдуу компания баштаган.
Партиян Түркия парламентинде көрсөтүлгөн эмес.
Эске салсак, май айында Финляндия менен Швеция Орусиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү өтүнүчүн тапшырышкан. Түркия аларды кароо жараянына тоскоол болгон, бирок ушул жуманын башында Хельсинки, Стокгольм жана Анкара коопсуздук меморандумуна кол коюшкан. Анда Түркиянын бардык кооптонуусу эске алынган. Түркия өз кезегинде Скандинавиядагы эки өлкөнүн НАТОго киришине каршы пикирин кайтарып алды.
Ал эми Түркия, Швеция жана Финляндия 28-июнда НАТО уюмунун Испаниянын борбору Мадрид шаарында өткөн саммитинде коопсуздук боюнча макулдашууга кол коюшту. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, бул макулдашуу Швеция менен Финляндиянын аталган уюмга кошулуу процессине жол ачат.
Булак: NazarNews.kg