www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү менен «Centerra Gold Inc» компаниясынын ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө кирди. Документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тараптын милдеттенмелери жазылган. Макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин Кыргызстанга жалпы суммасы 87 млн АКШ доллар каражат келип түшмөк. Өкмөт каржынын көлөмүнө макул болбой, сүйлөшүүлөр жүргөн.

Узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилген. Кыргызстан кошумча 63 млн долларга жетишти, аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенме алган жокпуз. Быйыл жыл аягына чейин Кыргызстан 77 млн АКШ долларынан ашуун каражат алат. Анын ичинде Онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна учурда келип түшкөн 7 млн доллар бар.

Кумтөр кени иштей баштаган 22 жылдын ичинде биринчи жолу жаратылышты коргоо чараларына олуттуу каражат бөлүнүп жатат.Канаданын «Centerra Gold Inc» компаниясы билдирүү таратып, буга чейинки кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн стратегиялык келишимге ылайык, тараптардын «Кумтөр» долбооруна тийиштүү экологиялык соттук териштирүүсү токтотулду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости