www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер дайынсыз болууда. Алар кен казуу аймагындагы жер көчкүдөн кийин табылбай калышкан. Бул тууралуу ишкананын өкүлү Марина Гаврилова маалымат таратты.

- Жекшемби күнү эртең менен Кумтөр кениндеги аймактардын биринде жер көчкү жүргөн. Баштапкы маалыматтар боюнча эки киши дайынсыз болууда. Азыр издөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет, - дейт Гаврилова.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда, 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости