www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан түшкөн акчаларды эсептей келгенде мамлекетке 150 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени анык болду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Башкы прокуратура текшергенде Ысык-Көл облусунун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана киреше берүүчү бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга "Кумтөр Голд Компани" ЖАКсынан бөлүнгөн акча узак мөөнөттөн бери системалуу түрдө башка максаттарга негизсиз пайдаланылгандыгы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, курулуш иштерине, капиталдык оңдоп-түздөөгө тиешелүү долбоорлорго жумшала турган акчанын сметалары белгиленген тартипте түзүлбөгөндүктөн, каражаттын олуттуу бөлүгү максатсыз пайдаланылып кеткен.

Бөлүнгөн каражаттардын айтылган максатта жумшалганы көзөмөлгө алынбай, анын кесепетинен акчанын көп бөлүгү жасалма документтердин жардамы менен башкалардын чөнтөгүнө түшүп турган.

Жогорудагы жагдайлар фонддун башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик финансы каражатын көзөмөлсүз пайдалануу үчүн жеке колго өткөргөн туруктуу коррупциялык система түзүлгөндүгүнөн кабар берет.

"Анын натыйжасында Ысык-Көл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча фонддун алдына коюлган тапшырмалар ишке ашпай, 2015-2020-жылдар аралыгында мамлекетке 150 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

5-мартта чогултулган материалдар Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости