www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-мартта Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев "ЛУКОЙЛ" ААКнын президенти Вагит Алекперовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Вагит Алекперов мамлекет башчысына Россиянын алдыңкы мунайгаз компаниясынын катышуусу менен биздин мамлекетте приоритеттүү инвестициялардын жана социалдык маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө "ЛУКОЙЛ" Өзбекстандын экономикасындагы ири инвесторлордун бири. Инвестициянын кирешеси 10 миллиард долларга чейин жеткен.

Тактап айтканда, 8 миллиард кубометрден ашык жаратылыш газын өндүрүүчү Кандым газ иштетүүчү завод иштеп жатат. Хаузак жана Шади кендери жана Түштүк-Батыш Гиссор кендери иштетилүүдө. Маанилүү гуманитардык программалар ишке ашырылууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө пандемиянын кесепеттерин жоюуга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жана биргелешкен долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатууга жана "ЛУКОЙЛ" менен стратегиялык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган "жол картасын" кабыл алуу жөнүндө макулдашылды.

Последние новости