www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр иши» боюнча Сарпашевге 260 миң сом айып салынды

«Кумтөр иши» боюнча айыпталып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев «коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, сот тарабынан 260 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 4-февралда чыккан. Мурдагы аткаминер мамлекетке 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди былтыр 17-июнда кармаган. Сарпашевге 2017-жылдагы документтер боюнча айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости