www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мадумаровду жазага тартуу аркылуу анын 2009-жылы койгон колу автоматтык түрдө жокко чыгат", - деди бүгүн, 11-февралда NazarNews маалымат агенттигине Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев.

- Адахан Мадумаровго чыккынчылык беренеси менен иш козголуптур. Ал кол койгон протоколду жокко чыгарыш үчүн бийлик ушул жолго барууга аргасыз болдубу?

- Чек арага байланыштуу Адахан Мадумаров камакка алынсын деп айта албаймын. Бирок, 2009-жылы кетирген кемчилиги үчүн ал тийиштүү жоопко тартылышы зарыл. Анткен себеби, мындан 13 жыл мурда Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турган кезинде стратегиялык мааниси өтө зор Төрт-Көчө деген чакан жерди тажиктердики деп моюнуна алып, аны Кыргызстанга ижара катары 49 жылдык мөөнөткө карызга алган.

Бул кечирилгис кемчилик. Чындыгында Төрт-Көчө кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилке болуп эсептелет жана ал көчөнү жаап койгонго эч кимдин акысы жок. Мадумаров кол койгон протоколдун кесепетинен былтыр жана быйыл ок атуулар болуп чырпыктай жигиттерибизден ажырадык.

Эгер Жогорку Кеңеш макулдугун берип Мадумаров жоопко тартылса, анда Төрт-Көчөнү жок эле дегенде калыс жер катары калыбына келтирсе болот. Себеби, жазага тартуу аркылуу Адахан Мадумаровдун 2009-жылы койгон колу автоматтык түрдө жокко чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости