www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-май күнү саат 12:35 Кумтөр кенинин коопсуздук кызматынын диспетчердик бөлүмүнө туристтик гиддерден билдирүү түшкөн. Алар кенден 23-чакырым аралыкта кар көчкү алдында Италиядан келген беш турист калганын билдиришкен.

Окуя болгон жерге Кумтөрдүн куткаруу кызматы медициналык бригада менен дароо жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда Кумтөрдүн коопсуздук кызматы маалыматты ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирген.

Кумтөрдүн кызматкерлери дрондор менен аймакты алгачкы текшерүүдөн өткөрүшкөн. Италиятлык төрт турист жеңил жаракат алып, стресс абалында болушкан. Аларга ошол жерде тийштүү жардам көрсөтүлгөн. Ошол эле маалда бешинчи туристтин жайгашкан жерин аныктоо боюнча издөө-куткаруу иштери башталган. Саат 16:24 ал табылган. 

Туристтин ар кандай жеңил жаракаттары, анын ичинде моюндан жаракат алынганы аныкталган. Учурда алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилди. Абал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.

 

Последние новости