www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөгү тынымсыз уланып келе жаткан куралдуу чыр-чатактардан улам Судан мамлекетинин тынч тургундары келечеги бүдөмүк жашоода жашап келишет.
Судан куралдуу күчтөрү «Ыкчам аракеттеги күчтөр» менен ок атууну тыюу боюнча сүйлөшүүлөргө катышууну токтотту.
Бул туурасында Судан армиясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Судан армиясынын башкы командачылыгы «ок атууну тыюу боюнча макулдашууну бузуп, анын бир да шартын аткарбагандыктары үчүн» ЫАК менен алдыда боло турган сүйлөшүүлөрдү токтотту.
Эске ала турган жагдай тараптар ок атууну токтотуу боюнча 20-майда кол коюлган келишимди дагы 5 күнгө узартуу боюнча 29-майда сүйлөшмөк.
Судандын борбору Хартумда жана бир катар райондордо ЫАК менен Судан армиясынын куралдуу кагылышуулары 15-апрелден бери уланып келет.
31-май күнү Хартумда жана ага жакын райондордо, Түндүк Кордофанда жана Дарфур аймагында тараптар катуу кагылышкан.
Эки тарапка тең кошулуп алышкан жергиликтүү уруулар окуяны жеңилдетмек турсун, татаалдаштырып жиберишкен.
Кытайдын Борбордук (CCTV) телекөрсөтүүсүнө интервью беришкен жергиликтүү тургундар моюндарына алышкандай «келечек бүдөмүк, аларды эртең эмне күн күтүп турганын билишпейт».
Жергиликтүу тургун Салах Халифтин айтканына караганда «Ок атууну мындай токтотуу эч кимге пайда алып келген жок. Биз көчөгө чыгып баратканда өзүбүздүн коопсуздугубузга эч кандай кепилдик бере албайбыз. Туугандарыбызга жолукканы же ооруканага бара албайбыз. Ок атууну токтотуу режими биздин жай тургундарга ылайыкталган эместей»-деп агынан жарылат судандык жаран.
"Аскердик кагылышуулар баарын талкалады. Коомдук коопсуздук начарлап, мектептер жабылып, туризм тармагы аксады. Баардык социалдык-экономикалык иш-аракеттер токтотулуп, маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлбөй калды", – дейт дагы бир жергиликтүү тургун Абдалхади Хассона.
Нур АМАН