www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өтүүдө. Жумушчу топ талаштуу тилкелерди жеринде көрүп, тактоо иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

Биз кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровго кайрылып, чек араны тактоо ишинде кандай жыйынтыктар бар деп сурадык?

Курбанбай Искандаров: Кыргыз-өзбек чек арасын аныктап, тактоо маселеси азыр жумушчу топтун деңгээлдинде каралып жатат. Учурда эки тарапка тең зыяны тийбегендей, нааразылык жаратпагандай орток пикирге келүү үчүн талаштуу тилкелерди жеринде көрүп жатабыз. Буюруса сүйлөшүүлөрдө аз болсо да жылыш бар. Бирок макулдашуулар так мына күнү бүтөт деп айтууга али эрте.

Би-Би-Си: Азыр кайсыл аймакта жүрөсүздөр?

Курбанбай Искандаров: Биз азыр Баткен менен чектешкен чек ара тилкесинде жүрөбүз. Бул жерде конуштар жыш жайгашып, шахмат түрүндө калган үйлөр бар. Ошондуктан буларды чечүү жолдорун макулдашып, элдин мүдөсүн билип, аксакалдардын кеңешин угуп, чечүү жолдорун караштырып жатабыз. Бул жерде эки тараптагы элге тең ыңгайлуу шарт түзүш керек. Чек ара маселесин чыр-чатактарга, талаш-тартыштарга жол койбой тургандай чечишибиз керек.

Кээ бир үйлөрдүн ортосунан чек ара сызыгы кесип өткөн учурлар бар. Айтор, ушул сыяктуу маселелердин баарын эки тараптын тең нааразылыгын жаратпагандай абалда чечүүбүз керек. Ошондой мехнизмдерди иштеп чыгалы, кантип жылдыралы деп сүйлөшүп жатабыз. Албетте, ээн жердеги чек араны тактоого караганда калктуу конуштарды аралап өткөн чек ара сызыктарын такташуу татаал.

Би-Би-Си: Өткөн жыл соңунан тарта кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Буга чейин дагы бир нече ирет жумушчу топтун жолугушуулары өттү. Кандайдыр бир жыйынтык болдубу?

Курбанбай Искандаров: Тактала элек тилкелер боюнча алды менен жумушчу топ иштеп чыгып, андан кийин гана эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиясы карайт. Жыйынтык жөнүндө ошондо сүйлөшсөк болот. Бирок жылыштар бар. Айталы, айрым жерлерди алмашуу боюнча эки тарап тең бири-бирне сунуштарды берген учурлар болуп жатат. Алмашуу жолу менен чечпесе кыйын боло турган тилкелер дагы бар.

Ошондуктан кеңешип, жерине барып, элдин пикирин угуп, ушундай иштер жүрүүдө. Биз азыр бөлүнүп иштеп жатабыз. Бир топ ушул Баткен аймагында кошуна турган Өзбекстандын Фергана облусунун өкүлдөрү менен жүрөбүз. Дагы бир топ Жалал-Абад аймагында коңшулаш Наманган облсунун өкүлдөрү менен жүрүшөт.

Булак: "bbc.com"

Последние новости