www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Арал аймагында кургакчылыктын айынан өзгөчө абал жарыяланды. Облустук акимчиликтин сайтында өзгөчө абалдын шарттары 13-июлдан тарта күчүнө киргизилгени кабарланды.

Расмий маалыматка ылайык, Арал аймагында 550дөн ашуун бодо мал өлдү. Облус акими малды жуттан сактап, жайыттарды жана эгин талаасын сугаруу үчүн көлмөлөрдү толтуруп, каналдарды тазалоо маселесин көтөрдү. Бул үчүн бюджеттен каражат бөлүүнү өтүнүп, өкмөткө кат жолдоду.

Эске салсак, буга чейин Мангистау облусунун тургундары да малды жуттан сактап калууну суранып, бийликке кайрылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости