www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Юлия Андреева Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты.

Спортчу 2019-жылы 8-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарындагы марафонду жеңип, жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

«Жеңил атлетика федерациясынын президенти менен сүйлөшкөндөн кийин Олимпиадага баруудан баш тартканын билдирди. Андан кийин бул чечимин курама команданын улук машыктыруучусуна ырастады», - деп айтылат КРнын Жеңил атлетика федерациясынын маалыматында.

37 жаштагы Юлия Андреева үчүн Токио – карьерасындагы төртүнчү Олимпиада болмок. Алгачкы Олимпиада оюндарына 2008-жылы катышкан. Ал жакта 59-орунду ээлеген.

4-жылдан кийин Лондондогу Олимпиадага катышып, 60-орунга жайгашкан.

2016-жылы Бразилиядагы марафондо 59-орунду ээлеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости