www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ардактуу калайык калкым! Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди 24-марттагы элдик революциянын күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Бардыгыңыздарга бекем ден-соолук, кажыбас жигер кайрат, бактылуу, байгер, узак өмүр каалаймын!
Мен он эки жылдан бери сыртта жүрөм, бирок көңүлүм, ынтаа-ыкласым дайыма Кыргызстанда, дайыма жүрөгүм элим менен. Элимдин акыркы жылдарда өздөрүнүн жекече кызыкчылыктары үчүн кандай кыйроолорго болбосун түртө салганга даяр турган авантюристтерден арылып, өнүгүүнүн жолуна түшүп баратканына кубанамын.
2005-жылдын 24-мартындагы чыныгы элдик революциянын максаттарынын кайрадан ишке аша баштаганы менде үмүт, ишеним жаратууда. Элдик нааразычылыктар 2004-жылдын жылдын аягында башталып, кийинки жылдын январь-февралында жалпы элдик каршылык кыймылына айланып, 2005-жылдын 24-мартында кансыз элдик революция ишке ашкан.
Ал тарыхый окуя, ал кыймылдын башында туруп, эл күткөндөрдү ишке ашырууга өз салымымды кошконума сыймыктанам.
Март революциясынан кийинки эки жыл өтө оор болгонун жакшы билесиздер. Башаламандыктарды токтотуп, ыдыраган башкарууну бир колго бириктирип, экономикалык ички-сырткы байланыштарды жөнгө салып, инвесторлордун ишенимине ээ болуу, чындап элдин турумушун жакшыртууга киришүү жеңил болбоду.
Бирок, канчалык бут тосуулар, кыйынчылыктар болбосун үч жылдын ичинде максатыбызга жеткенбиз. Өнөр жайды жандандырганга, жаңы ишканаларды, ГЭСтерди, социалдык обьектилерди курганга киришкенбиз.
Пенсияларды жыл сайын эки жолудан көбөйтүп турдук. Сом КМШдагы эң туруктуу валюталардын бирине айланган. 2010-жылдын 1-кварталы 16,4 пайыздык экономикалык өсүш менен аяктаган.
Ал темпти андан кийин да сактап, өстүргөнгө баардык шарттар бар болчу, ал ишке ашып турса, Кыргызстан 5-6 жылдын ичинде таанылгыс болуп өзгөрмөк, элибиз азыркыдан 3-4 эсе жакшы жашаган бакубат өлкөгө айланмак.
Бирок, өлкөдөгү жана сырттагы айрым күчтөр өлкөбүзгө андай ырысты, жакшылыкты ыраа көргүлөрү келбеди. Кыргызстан биротоло ишенимдүү өнүгүү жолуна түшүп алса, аны өз жолунан тайдырууга мүмкүн болбой каларын түшүнүшүп, аны кыйратуу аркылуу өнүгүүсүн токтотуп, артка кетирүүнү көздөштү.
2010-жылдын 6-7-апрелиндеги хунтачылар уюштурган күтүүсүз кандуу окуялар баарын кыйратып, Кыргызстанды экономикалык жактан ондогон жылдарга артка ыргытты.
Кандуу төңкөрүштүн шылтоосу менен банктардагы акчаларды, алтын-күмүштөрдү тоношту, карыздарын, кредиттерин жок кылып, эпсиз байып алышты.
Андан кийинки республиканын Түштүгүндөгү кандуу кагылышуулар өлкөбүздү биротоло кризиске батырды. Андан өлкөбүз азырга чейин толук чыга албай жатат.
Урматтуу мекендештерим!
Мен кеткенден кийин бийликке келген күчтөр артымдан эмне деген ушактарды таркатып, кандай текшерүүлөрдү жүргүзгөнүн жакшы билесиздер. Мен аларга унчукпадым, каяша да кылбадым, баарын мезгил, чындык, тарых таразалайт деп жөн койдум. Чындыгында мезгил, тарыхтын калыс таразасы баарын өз-өз ордуна койду жана коюуда.
2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында набыт болгондорду Бакиевдерге жабыштырышты эле, иш жүзүндө алардын негизинен бейтааныш куралдардан ок жегендери аныкталды. Хунтачылар менин ал окуяларга тиешемди аныктаган бир да фактыны келтире алышпады.
Түштүктөгү 2010-жылдын июнундагы трагедияларды Бакиевдерге шылташты эле, ал да ырасталбады. Ал убакта Бакиевдер алыскы чет өлкөлөрдө жүрүшсө, кайдан биздин ал окуяларга тиешебиз болмок?
Иш жүзүндө боордош эки элди кандуу кагылышууларга түрткөн сепаратисттерди шыкактап, колдоочулар Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасында жүргөнүн, алар өз кылмыштарын жашыруу үчүн Бакиевдерге төңкөшкөнүн көрдүңүздөр.
Алар өздөрүнүн мыйзамсыз бийликтерин сактап калуу үчүн эки элди атайылап кагыштырышты, тарыхыбызга түбөлүк кара так калтырышты. Өздөрүн «Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү» деп атаган карасанатайлар элибизге, мамлекетибизге душмандан да өткөн кыянаттыктарды жасашты.
Аларды эл да, тарых да кечирбейт, эртели-кеч кылмыштарына жараша өздөрүнүн укуктук, саясый жана адеп-ахлактык бааларын алышат.
Кымбаттуу калайык калкым!
2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция - Кыргызстандын жаңы тарыхындагы элдин эрки, ыктыяры менен кансыз, цивилдүү ишке ашкан революция бойдон кала берет, аны мезгил ырастады.
Мен сиздерди элдик революциянын 17 жылдыгы менен куттуктап, жаңыланып, тазаруунун азыркы ыңгайлуу жаңы шартында анын идеалдарынын, максаттарынын ишке ашырылуусуна өз салымыңыздарды кошууга чакырамын!
Булак: NazarNews.kg