www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда КР мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин джиу-джитсу мелдешинде жүргөнү жарыяланган.

Маалыматтарга таянсак, Максим Бакиев (Max Bakaev) деген ат менен турнирге  катышып, Carlson Gracie Surrey залынын атынан 88,3 кг салмакта күч сынашкан. Көпчүлүк сүрөттөгү Максим Бакиев эмес экендигин айтса, Factcheck сайты Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев экенин тастыкташкан.

Аскат Тейиттин айтымында Максим Бакиев, Лондондо өткөн  джиу-джитсу мелдешинде алтын төш белгини утуп алган.

Белгилей кетсек, Максим Бакиев Лондондо жашайт. Учурда ал спорт менен алектенет. Дүйнөдөгү олигархтардын “башкатый” балдардын ичинде 7-орунда турат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости