www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-мартта Жогорку Кеӊеште республикалык бюджетти аткаруу жүрүмүндөгү коррупциялык жосундарды жоюуга жана бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Бюджеттик кодексине жана «КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Экмат Байбакпаев. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев талкууга алына турган мыйзам долбоору Өкмөттүн мамлекеттик бюджеттердин аткарылышы боюнча отчетторун парламентте кеӊири талдоого алууга жол ачуу максатында иштелип чыкканын, мыйзам долбоору аркылуу КР Бюджеттик кодексине жана «КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталып жатканын айтты. Ал иш-чарага катышуучуларын талкууга жигердүү катышып берүүгө чакырды.
Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Экмат Байбакпаев учурда колдонулуп жаткан мыйзамдардын ченемдерине ылайык, Жогорку Кеңеш бюджет долбоорлорун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү, кароо жана бекитүү маселелерин бир эле учурда кароого аргасыз экенин белгиледи. «Мындай жагдай бюджет долбоорлоруна жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторго кылдат талдоо жүргүзүүгө жолтоо болууда. Анын натыйжасында парламент Өкмөт тарабынан киргизилген бюджет долбоору менен бюджеттин аткарылышы боюнча отчетко карата өзүнүн иштелип чыккан сунушун берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калууда. Ошондон улам, Бюджет кодекси менен Жогорку Кеӊештин Регламентине тийиштүү өзгөртүүлөрдүү киргизүү зарыл», - деди ал.
Андан тышкары, демилгечи сунушталган мыйзам долбооруда мурдагы бюджеттин аткарылышын кароо жана жаңы бюджетти түзүү тартиби белгиленип, мындай усул эки жүрүмдү бир учурда эмес, эки башка учурда жүргүзүүгө жол ачарын, анын натыйжасында Жогорку Кеңеш тарабынан бюджеттин аткарылышы жана жаӊы бюджеттин түзүлүшү боюнча маселелерди толук кандуу кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун кошумчалады.
Белгилей кетсек, парламенттик угууга Жогорку Кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, каржы адистери менен эксперттер катышууда.
Булак: NazarNews.kg