www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, бир кезде динге берилгендердин саны арбып, керек болсо мектеп окуучулары дагы сабакты таштап, даабатка кетип калган күндөрү болгон. Ошол кезде кары-жаш дебей динге берилгендер 3, 7, 10, 40 күндүк даабатка чыгып, мечиттерге түнөп, айыл кыдырып калган эле.
Бир күнү биздин эле мекендешибиз, кавказ улутундагы жигит 40 күнгө даабатка чыгып, он бала менен Ош облусун кыдырып, мечиттерге барып даабат айтып жүргөн кезде, катуу суук тийип ысытмасы көтөрүлүп, күтүүсүз жерден каза болуп калат.
Чогуу жүргөн даабатчылар жана жергиликтүү эл биригип, ошол айылдын эле бир мүрзөсүнө сөөгүн жашырып коюшат да, анан бир күндөн кийин даабатка чыккандар убактылары келип калган үчүн издерине кайтып келишип, баланын атасына кабар айтышат. Мындай кабар ата менен эне үчүн катуу тийери да чын.
Ачууга алдырган баланын атасы “баламдын сөөгүн алып келип өз жериме коюм” деп чыгат. Ал киши шаардын четиндеги Сокулук районуна караштуу бир айылда жашагандыктан машинасын айдатып, туугандарынан жана даабатка чыккан балдардын бир-экөөнү жанына алып, Ошту көздөй сапар алат.
Андайда убакыт да өтпөй, жол да арбыбай калары анык экенин ким тана алат. Эртең менен эрте жолго чыккандар кара күүгүмдө айтылган дарекке барышат да, кеч кирип кеткенге байланыштуу сөөктү эртең менен казып алышты ойлошот.
Бул убакта жаз мезгили жаңы гана баш багып, күн узарып калган кез болот. Эртең менен айылдагы жергиликтүү элдин айткан акыл-кеңештерине баланын атасы көңүл да буруп койбой, кетмек күрөк алып барып мүрзөнү казып киришет. Бир кезде баланын атасы мүрзөгө баш бакса, баласы мемиреп уктап жаткан экен. Андан дагы мүрзөнүн ичи нурга толуп, ушундай бир көзгө кооз жана жагымдуу көрүнөт. Бул көрүнүшкө күбө болгон баланын атасы сөөктү ордунан козгобой, кайра жаптырып, ошол айылдан эле мал алып союп, куран окутуп кайра изине кайткан экен.
Эгер баланын атасына мүрзөнүн ичи нурга бөлөнүп көрүнбөсө, бала жаткан жеринен козголуп, башка жайга жатат беле ким билет.
Ооба, даабат деген улуу Алла үчүн жолго чыгуу экенин баарыбыз жакшы билебиз. Көрсө Алла жолунда жүрүп көз жумган баланын мүрзөсү нурга бөлөнүп турганы да, кандайдыр бир сырды ичине камтып тургандан белги бергенсийт. Айталы дегенибиз, бардык нерсенин жооп берчү кези келет. Андыктан сооп иштерди жасаганга аракет кылгандын өзү, адамдык парз экинин эстен чыгарбасак.
Укканын жазган Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg