www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДП тарабынан таратылган Фарид Ниязовдун ИИМге жазган ачык катында милиция кызматкерлеринин демилгеси менен министрликке жаран Максат Чегирткеев алынып келиниши, жана ага 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиясы тарабынан дарыланууга бөлүнгөн эки жүз миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты боюнча арыз жазууну сунушташы мүмкүн болушу көрсөтүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Андан сырткары, материал Башкы тергөө башкармалагына жиберилип, тергөөчү жогоруда айтылган Мамлекеттик коммиссияга тиешеси бар жактарды суракка алууга чакырып баштаганы, муну саясий буйрутма катары саноо керектиги жана ИИМдин кызматкерлерин аткарууну талап кылышкандыгын билдирген.
Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги Фарид Ниязовго карата ИИМ тарабынан саясий куугунтук тууралуу сөз да болушу мүмкүн эместигин билдирет. Фарид Ниязовдун арызы боюнча укук коргоо түзүмү өз позициясын билдирүү менен жаран Максат Чегирткеевдин арызы калыс иликтене тургандыгын маалымдайт.
Ал эми, 2019-жылдын 19-март күнү (www.nazarnews.kg/news) интернет порталында Апрель окуясынын баатыры, "Айкөл Ала-Тоо Жаштар" коомдук бирикмесинин мүчөсү Максат Чегирткеевдин интервьюсу жарыяланып, анда ал “Ошол бийликте турган кеңешчиси Фарид Ниязов кызмат абалынан кыянаттык кылып, даарыланууга деген акчаны майып баладан алып койгон”, башкача айтканда өзүнүн интервьюсунда 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын өзү билдирген. Максат Чегирткеев “Назарньюс” маалыматтык агенттигине интервью бергенден кийин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 151-беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдар ар кандай жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жана (же) жасалган жорук жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга, каттоого жана карап чыгууга милдеттүү. Кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алуудан жана каттоодон баш тартууга жол берилбейт жана бул мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 21-декабрь күнү №602 сандуу токтому менен бекитилген Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндөгү жобосуна ылайык, Сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органы же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы же текшерүү органы тарабынан аныкталган, жасалган же даярдалып жаткан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган кылмышты же жорукту ырастай турган жагдайлар тикелей табылган учурда аталган жагдайларды аныктаган жак рапорт түзөт, ал маалыматты каттоо журналында катталууга тийиш.
Сотко чейинки өндүрүш боюнча азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Максат Чегирткеевдин арызында көрсөтүлгөн жагдайларды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
P.S: ИИМ: М.ЧЕГИРТКЕЕВДИН АРЫЗЫ КЫЛМЫШТАРДЫН ЖАНА ЖОРУКТАРДЫН БИРДИКТҮҮ РЕЕСТРИНЕ КАТТАЛЫП, СОТКО ЧЕЙИНКИ ИЛИКТӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына жаран М.Чегирткеев кайрылып, 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов менен башка комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, врачтардын Сочиге Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, алардын дарылануусунан баш тартышып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине которулган дарылоо үчүн делген 200 миң сомду кайтарып алышканын, ушуга байланыштуу анын ден соолугу начарлап, моралдык азап чеккендиги үчүн аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыз менен кайрылган. Жогорудагы арыз 2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтарды каттоо журналына катталган жана материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилген. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы М.Чегирткеевдин арызын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми, Башкы прокуратура КЖБРге кирген материалды ИИМдин Тергөө кызматына сотко чейинки иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берген. Жогорудагы кылмыш иши боюнча ички иштер министрлигинде ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg