www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкектеги мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик конференциясында жетишилген 6 млрд. 135 млн. долларлык макулдашуулар тууралуу кенен билдирүү таратты.

Мекеме билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө кол коюлган инвестициялык жана соода макулдашуулары, келишимдер, меморандумдар, жол карталары жалпысынан 53тү түзөт.

Анын 35и кызматташуу боюнча инвестициялык документтер жана суммасы 5 млрд. 514,7 млн. долларды түзөт. Мунун экөө энергетика (2,5 млрд. доллар), үчөө жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен өнөр жайы (2,5 млрд. доллар), бешөө өнөр-жай (537,5 млн. доллар), 17си соода логистикасы, айыл чарба жана агрардык комплекстер (497,2 млн. доллар), экөө транспорт (100 млн. доллар), төртөө финансылык кызматташуу (100 млн. доллар) жана экөө маалымат-коммуникациялык (50 млн. доллар) багыттарда.

Соода алакасы тууралуу келишимдердин саны 18, суммасы 620,16 млн. долларды түзөт. Анын ичинен 13ү айыл-чарба азыктарын ташуу боюнча (88,36 млн. доллар) жана бешөө өнөр-жай өндүрүмүн жеткирүү боюнча (531,8 млн. доллар).

«Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» аттуу кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик конференциясы Бишкекте 27-28-март күндөрү өттү. Аны жыйынтыктоо расмисинде Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жалпысынан 6 млрд. доллардан ашуун суммага ээ эки тараптуу документтерге кол коюлганын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-март эртең менен келип, кечинде кайра учуп кетти. (ErN)

Булак: "Азаттык"

Последние новости