www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 29-март күнү “Фабула” гезитине жана бир катар кыргызча  сайттарга  “Жунушалиев чабалдык кылууда” деген макала  жарыяланды. Бул  боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү  билдирет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев ИИМдин Ички иликтөө кызматынын алдына мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо максатында ички иштер органдарына келген жактарды  алдын алууга, аларды милиция кызматкерлеринин катарынан тазалоого катуу талап койгон.

Ошонун негизинде ИИМдин Ички иликтөө кызматы тиешелүү иштерди алып барып, ички иштер органдарынын арасындагы абийирсиз,  коррупцияга малынган кызматкерлерден тазалоо улантылууда. Ал эми, макалада көрсөтүлгөн фактыларды ИИМ өзү аныктады, тактады жана  тергөөгө өткөрүп берди. Ошол себептүү ИИМ министри Кашкар Джунушалиев  колу таза эмес милиция кызматкерлерин тазалап аларга карата катуу чара  көрүп жаткандыгын жана аны жаап жашырбастан коомчулукка айтып  жаткандыгын күнөөлө туура эмес деп эсептейбиз.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы Аламүдүн РИИБдин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери менен каржы  мекемесинин жумушчулары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан  фактыларды аныкташкан. Анда административдик айып пул катары төлөнгөн  акча каражаты бюджетке чегерилбегендиги маалым болгон. Жакында ИИМдин  Ички иликтөө кызматы Бишкек шаарынын прокуратурасы менен биргеликте чет  өлкөлүк жарандардын паспорттук-визалык режимди административдик  бузуулары үчүн айып пулду төлөөгө арналган акча каражатын өздөрүнө  ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схемасын аныкташкан.

Учурда айып пул  түрүндө төлөнгөн 1 миллион 40 миң сом акча каражаты бюджетке эмне  себептен түшпөгөндүгү  такталууда. Жакында ушул сыяктуу коррупциялык мүнөздөгү дагы бир башка факты  аныкталды. ИИМдин Ички иликтөө кызматы Аламүдүн райондук прокуратурасы  менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин бөлүмдөрүнүн биринин  жоопту кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен  пайдалануу фактысын аныкташкан.

Аламүдүн РИИБдин ЭММКАКтын эки  кызматкерине карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен  бюджетке 120 миң сом акча каражаты түшпөгөндүгү маалым болгон. Текшерүү  көрсөткөндөй, чет өлкөлүк жарандар паспорттук-визалык режимди бузгандыгы  үчүн аларга 12 протокол түзүлүп, бирок бюджетке акча каражаты түшкөн  эмес.

Паспорттук-визалык режимди бузгандыгы үчүн чет өлкөлүк жарандар  банк аркылуу төлөп келишкен. Азыркы учурда аталган факты Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз  Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан  кыянаттык менен пайдалануу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп  жаткандыгын билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев ички иштер  органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан,  паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция  кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган  иштерди жүргүзүүнү тапшырган. Бүгүнкү күнү, Кыргыз Республикасынын Ички  иштер министрлигинин алдында ИИОнун өздүк курамынын арасындагы  коррупциялык көрүнүштөргө байланышкан кылмыштардын бетин ачуу сыяктуу  маанилүү тапшырмалар турат. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости