www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүп жатат.

Анын жүрүшүндө журналист тарабынан экс-президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко күбө катары чакырылганы тууралуу суроо берилди. Журналист Зулушевден бул окуя боюнча юрист катары жеке пикирин билдирүүнү суранды.

«Жээнбековдун күбө катары сотко чакырылышы боюнча, эгерде ошондой зарылчылык болсо, барышы керек, көрсөтмө бериши керек. Сотко чакырылса, ким болбосун барышы керек. Барбай койгонго күбө катары эч кимдин укугу жок. Эгерде патриотмун десе, ал берген көрсөтмө менен чекит коюлуп, кылмышка баа берилсе, менимче барыш керек», - деди Зилалиев.

Буга чейин Зилалиевдин жактоочусу экс-президент Жээнбековду күбө катары сотко чакырууну өтүнгөнүн, анын өтүнүчүн сот канааттандыранын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости