www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы суроо-талаптын начарлашына байланыштуу Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу керек. Мындай пикирди Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин билдирди.

Ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда сүйлөп жатып, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти күчөтүү керектигин белгиледи.

--"Тышкы суроо-талаптын чектелген динамикасынын шартында ЕАЭБдин жалпы рыногунун натыйжалуулугу жана жеткиликтүүлүгү барган сайын маанилүү болуп баратат. Өндүрүш системалардын атаандаштык артыкчылыктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн соодада болгон тоскоолдуктарды жоюу жана аны мындан ары болтурбоо үчүн бардык аракеттер көрүлүшү керек", — деген Мамин.

Анын айтымында, товарларды камакка алуу, чектөөлөр максималдуу кыскартылышы керек. Ошондой эле товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо зарыл.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости