www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсактагы майды алуу боюнча операция жасаткан аялдын өлүмү

Бишкек шаарына караштуу Свердлов райондук сотунун чечими менен жеке менчик клиниканын хирургу 1 айга камалды.

Тактап айтканда, борбор калаадагы «Art clinic» жеке менчик клиникасында аял кишиге липосакция боюнча (курсактагы майды хирургиялык жол менен алуу) операция жасалган.

Бирок операциядан кийин аял кишинин абалы оорлоп, Улуттук госпиталга которулган. Тилекке каршы, бейтап 4 күндөн кийин эс-учуна келбей каза тапкан.

Бишкек ШИИББ Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) жана 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш ишин козгогон.

Ага ылайык, Г.Л. аттуу хирург 1 айга СИЗО-1 абагына камакка алынды. Тергөө уланууда.

Последние новости