www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай АКШдан Тайванга курал-жарак сатуу планынан баш тартууну жана алар менен бардык аскердик байланыштарын үзүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Кытайдын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Тань Кэфейдин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

Кэфейдин айтымында, антпесе Тайвандагы тынчтык менен стабилдүүлүктүн бузулушу үчүн жоопкерчилик толугу менен АКШнын мойнуна жүктөлөт.

Өткөн аптада АКШнын коргонуу коопсуздугу жаатындагы агенттиги Мамлекеттик департамент Тайванга аскердик автоунаа жана танктарды оңдоо үчүн тетиктерди жана жабдууларды сатууну жактырганын билдирген. Агенттик бул Тайвандын коопсуздугун жогорулатууга жана аймактагы саясий туруктуулукту, аскердик тең салмактуулукту, экономиканы колдоого жардам берерин белгилеген.

"Акыркы убакта АКШ тарап Тайвандын көз карандысыздыгын колдобой турганын бир нече жолу айтып, ынандырган. Бирок курал сатуу маселесинде сөздөр иш-аракеттерге дал келбей турганын көрүп жатабыз. Кытай АКШдан Тайванга курал сатуу планынан токтоосуз түрдө баш тартууну, алар менен бардык аскерий байланыштарды үзүүнү талап кылат. Антпесе Пекин менен Вашингтондун ортосундагы аскердик мамилелердин, ошондой эле Тайвандагы тынчтыкты жана туруктуулукту бузуу жоопкерчилиги толугу менен АКШнын мойнуна жүктөлөт", — деген Кытай өкүлү.

Анын айтымында, Тайванга курал сатуу менен АКШ Кытайдын суверенитетине олуттуу зыян келтирип, аскердик чөйрөдө Кытай-Америка мамилесин бузат.

"Кытай буга караманча каршы", — деген ал.

Кэфей Кытайдын Элдик-боштондук армиясы өлкө суверенитетин коргоо үчүн бардык чараларды көрө турганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости