www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-мартта Ички иштер министринин мурдагы орун басары, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин койгон генерал Курсан Асановдун бөгөт чарасы Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралды.

Асанов журналисттердин суроолоруна жооп берип, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Имаратты жана мекемени басып алуу боюнча коюлган кине негизсиз. Эч качан имаратты басып алган эмесмин. Ошол окуяга толук катышкан башка адамдар бар. Учуру келгенде көрсөтмө беришет. Кимдин ким экенин көргөзгөн убакыт келет. Эч кимге дооматым жок. Бөгөт чарамдын мөөнөтүн узартуу боюнча бүгүн эле маалымат келди. Жактоочуларым шаарда эмес болгондуктан, кандай чечим кабыл алынат белгисиз», - деди Асанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости