www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Ички иштер министрлиги 20-марттан тарта бир апта бою мейманкана, ресторан, мончо, коомдук транспорт, кафе, чачтарачкана, базар, мечит сыяктуу эл көп чогулган жайларды тыкыр текшерүүгө алат. Бул тууралуу Turizm Ajansi басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, мындай чукул чечимдин кабыл алынышына коронавирустун кайрадан көбөйүп бара жатышы себеп болууда.
Бирок текшерүү учурунда өлкө бийлиги койгон талаптар туристтер тарабынан бузулганы аныкталса, кандай чара көрүлөрү айтылган эмес.
Эске салсак, Түркия 15-марттан тарта өз аймагына кирген туристтер үчүн жаңы эреже кабыл алган. Ага ылайык, алты жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр Түркияга учуп кетердеги 72 сааттын ичинде Regist.Health.Gov.tr сайты аркылуу "Саякатчылардын Түркияга кирүү" формасын толтурушу керек.
Авиакомпаниялар менен турист токтогон мейманканалар форманын толтурулганын мобилдик тиркеме же кагаз жүзүндө талап кылышат.
Булак: NazarNews.kg