www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, анын уулу Мухаммед Али Асанов, айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбековго карата өкүм чыкты.

Төрагалык кылган судья — Адыл Эсенбаев.

Жыйынтыгында К.Асанов менен «Чындык» гезитинин мурунку башкы редактору Т.Бейшенбековго кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалымат берген деген айып тагылып, бирок жаза белгиленген жок.

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жактоочусу 23-марттагы соттук отурумда: «Асанов менен анын өкүл баласы Разаковду баңгизат сатуучу жана чыккынчы катары көрсөтүшкөн», - деген.

Ал эми 2019-жылдын августунда Кой-Ташка милиция кызматкерлери мыйзамсыз жөнөтүлгөн деген айып боюнча К.Асанов акталды.

Айдоочусу Пайзылда уулу менен уулу Мухаммед-Али Асанов кылмыштын курамы жок болгондуктан толугу менен акталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости