www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин Кахов ГЭСинин плотинасынын талкаланышына Украинаны айыптады.
Ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, Кахов ГЭСинин талкаланышы Украина бийлигинин варвардык акциясы экенин билдирди.
«Украинанын бийлиги батыштагы кураторлорунун айтымы менен согуштук аракеттерди күчөтүү боюнча коркунучтуу кадамга барып, аскердик кылмыштарды жасап, террористтик ыкмаларды ачык колдонуп, Россиянын аймагында диверсияларды уюштуруп жатат», - деди Путин.
Ал мындай аракеттер масштабдуу экологиялык жана гуманитардык катастрофага алып келгенин кошумчалады.
Буга чейин Түркиянын «TRT Haber» жалпыга маалымдоо каражаты Эрдоган Путинге Каховка ГЭСинин плотинасы эмне себептен талкаланганын иликтөөгө жардам берүүнү сунуштаганын жазган. Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, Каховка ГЭСинин талкаланышын иликтөө үчүн Россия, Украина жана Түркиянын эксперттеринен комиссия түзүүнү сунуштаган.
Белгилей кетсек, Кахов ГЭСинин плотинасы 6-июнда эртең менен талкаланган. Анын кесепетинен ГЭСке жакын жайгашкан калктуу конуштарды суу каптаган. Бул окуяга Россия менен Украина бири-бирин айыптап жатат.
Булак: NazarNews.kg