www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асанов сурак бере баштады

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго карата Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, генерал-майор учурда сурак бере баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Ал эми "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна, кызматтык ордун таштап пиар менен алектенүү, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттыргандыгы, курал-жарактарды кармаганга болбостугун, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгын, фото-видео тартууларды атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталгандыгы анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон.

Андан сырткары айрым жагдайлар 7-8-августтагы окуялар боюнча тергөө иликтөө иш-чаралары боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүп жаткандыгына байланыштуу, кошумча маалыматтар текшерилип жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен кээ бир маалыматтар азырынча ачыкталбай тургандыгын да белгилейбиз", деп билдирген ИИМдин басма-сөз кызматы.

Белгилей кетсек Курсан Асановго Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон.

Эске сала кетсек, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында бир офицер каза таап, 136 киши жаракат алган.  

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости