www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК ККК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын инспектору Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен пара талап алгандыгы аныкталды.
Такталгандай, 2019-жылдын апрель айында Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган.
Апрель айында аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 000 сом берген. Кийин калган жетпеген акча каражатын кызматкерлерден чогултуп бермек.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
2019-жылдын 26-июлунда кармалган Э.К. күнөөсүн мойнуна алгандыгы тууралуу арыз берип, ошол эле күнү ага карата Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы каралган.
Ал эми Ш.М. карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган. Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg