www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкектеги башкы кеңсесинин алдында 31-октябрда митинг өткөрүп, аны абактан бошотууну талап кылышты.

Чогулгандар «Курсан Асановдон колуңду тарт!», «Элдик генералга боштондук!» деген сыяктуу жазууларды кармап турушту. Митингге 30-40тай киши катышты.

Белгилей кетсек, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Курсан Асановду 10-декабрга чейин камакка алган. Ал 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган эле. Асанов УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.

Ошондой эле башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды абактан бошоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости