www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү чечимин өзү кабыл алган, ага эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн, 31-октябрда тегерек столдо билдирди.

Турсунбек Акун 15-октябрда башка саясатчылар менен бирге Жээнбековго жолукканын билдирди.

«Ал өкмөттүн жетекчилиги менен жолукканын, эч кандай коркутуу болбогонун айтты. "Мен кырдаалды түшүнгөндө, кызматтан кетүүнү чечтим. Коркутуулар болгон жок, мен өзүм кырдаалды курчутпоону чечтим" деди Жээнбеков жана кызматтан кеткенин коомго жеткирүүнү суранган, - деди Турсунбек Акун.

Ошондой эле ал экс-президент кызматтынан кеткенден кийин да ага жолукканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости