www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борборубуз Бишкекте  "Кыргызстандагы Улуттук Мекенчил күчтөрүнүн"  курултайы болуп өттү.  Аталган курултайга республиканын аймагынан келген коноктор, партиялардын жана ар кандай уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Курултайда каралган маселелер, КР өкмөтү тарабынан кабыл алынган КР жарандарына берилүүчү паспорттогу “улуту” деген графаны алып салуу жана паспорттогу “улутун” деген графаны  алып салынган паспортторду жарандарга бербөөнү токтотууну, КР Өкмөтүнүн токтомун жокко чыгарууну жана башка маселелерди талкуулады.

Андан сырткары бүгүнкү өткөн курултайдын максаттарын элдин калың катмарына жеткирүү пландаштырылды.Топтун алдыңкы катмарында, революциянын атаманы Азимбек Бекназаров турат.

Андан аркы тизмеде, бир топ партиянын лидерлери жана саясатчылардан Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Чолпонбек Абыкеев, Эмил Каптагаев жана алардын арасынан көрүнбөй калган жүздөрдү байкоого болот. Тилекке каршы бийликке таарынып жүргөн Эмилбек Каптагаев курултай башталып КР гимни ойнотулгандан кийин калпагын чөнтөгүнө салып чыгып кетти.

Баса, мындай Кыргыз элинин башын бириктирген курултайдын болгон идеясы эң жакшы экен. Дегени менен мындай биригүүнүн бүгүнкү жыйынтыгы түшкө чейинки биригүүбү же кечке чейинки биригүүбү аны убакыт көрсөтөт. Анткени амбициясы аттын башындай, мындай биригүүлөр менен ажырашууларын далайы өтүп, эл деле ишенбей калды көрүнөт.

Ага бир эле мисал катары алсак, “Республика-Ата-Журт” партиясынын эки лидери, БӨТ менен ТКК Төө-Ашууда кар ойноп, калың дос болуп, ал тургай элден ак бата алып биригип, Ак үйгө кирип алгандан кийин БӨТ атаандашын алты метр алыска тепкени баарыбыздын эсибизде.

Эми кептин кыскасына токтолсок, курултай кыргыз элинин пайдасына жараса экен деген гана тилек. Көч башында турган Бекназаровдун сүйлөгөн сөзүнө караганда өзү айткандай, мойнуна салган камчысын алып, атка минип, соотун кийип, кылычын колго кармап тургандай.  "Гигант" Азимбек мырзанын айтылган сөзүндө жан бар, чын эле мамлекеттик башкаруу системасына элдик курултай институтун киргизүү керек. Анткени курултайдын талабы каттуу экендиги менен кыргыз элине толук жагышы мүмкүн. Бирок көч башы курултайдын максаттарын канчалык деңгээлде элге жайылта ала тургандыгын байкап туралы. Бекназаров чын эле кыргыз эли үчүн күйүп, курултайдын максаттарын ишке ашырам десе бул чоң иш. Же бир күнү "мындайың бовойт" экен деп камчысын ыргытып, аттан секирип түшүп кетип калабы? Аны да күтө туралы.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

 

Последние новости