www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин кечээ, 27-апрелде өткөн жыйынында каралган Премьер-министрдин ар жылдык отчетун талкуулоо жыйынтыгында Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши «канааттандырарлык» табылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун айтымында, өткөн жылы өлкөнүн экономикалык өсүшү 3,8 пайызды түзүп, улуттук валюта чыӊдалып, өнөр жай өндүрүшүнүн оӊ өсүү ыргагы байкалды. «2016-жылы ишеним индекси 28,8 балды түздү же ал 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга көптүк кылат. Өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 485 млрд сомго жетти. Ал эми инфляциянын көлөмү 109,4 пайыз болуп, ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында Кыргызстан алдыӊкы орунду ээледи”, - дейт өкмөт башы.

Ал экспорт 5,1 пайызга өскөнүн, анын ичинде Евробирликтин курамындагы өлкөлөргө экспорттоо көлөмү 2015-жылгы салыштырмалуу 44,3 пайызга же 72,3 млн долларга көбөйгөнүн, мындай абал ВСП+ статусунун шарапаты менен жаралганын белгиледи.

Премьер-министр «Кыргыз-Орус» өнүктүрүү фондунун алкагында жалпы көлөмү 202 млн долларды түзгөн 647 экономикалык долбоор жактырылганын, фермерлер менен кайра иштетүү тармагына 4,8 млрд сомду түзгөн 13 миӊден ашуун жеӊилдетилген насыя каражаты берилгенин айтты.

Андан сырткары, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун натыйжасында, өткөн жылы эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, алардын которгон каражаты 21,6 пайызга же 1,3 млрд доллардан 1,6 млрд долларга чейин көбөйгөнү белгилүү болду.

Талкуу жүрүшүндө тезинен “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизип, жол кырсыгын азайтуу, дыйкандар менен фермерлерге берилүүчү күрөөсүз насыялардын өлчөмүн 100 миӊ сомго чейин көтөрүү, насыя төлөө мөөнөтүн узартуу, дыйкандардын өстүрөн өнүмдөрдүн сатылышын жакшыртуу чараларын колго алуу, насыяларды мамлекеттик банктар аркылуу берүү сыяктуу көйгөйлүү маселелерди чечүү зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле, калкты таза суу менен камсыз кылуу чараларын жакшыртуу үчүн эд аралык каржы донорлорунан гранттык каражаттарды көбүрөөк тартылышына көӊүл буруу, салынып жаткан жолдордун сапатына көзөмөлдү күчөтүү, мамлекеттик каражатты сарамжалуу пайдалануу, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу чараларын андан ары улантуу жаатында иштиктүү чараларды колго алуу тууралуу пикирлер айтылды.

Андан тышкары, Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге ишти жакшыртуу жана жандандыруу багытында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

Жыйын соӊунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн 2016-жылдагы ишине оӊ баа бергени үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди. Ал депутаттар тарабынан айтылган пикирлер менен берилген сунуштар Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алына турганын белгиледи.

Последние новости