www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Ак-Ордо конушундагы 750 орундуу жаңы мектепте окуучулар үчүн парта жана отургучтар жок деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, мектеп долбоорго ылайык керектүү сандагы парта-отургучтар, эмеректер, жабдуулар жана окуу үчүн зарыл болгон инвентарлар менен камсыздалган.
Мектеп 750 окуучуга ылайыкталган. Эки нөөмөттө иштеген учурда анда 1500гө чейин окуучу билим ала алат.
Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган. Долбоор боюнча үч кабаттуу окуу корпусу төрт блоктон турат. Учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, мектеп пайдаланууга берүүгө даяр. Жакынкы күндөрү анын расмий ачылышы өтөт.
Министрлик коомчулукту социалдык объектилер тууралуу маалыматтарды таратууда маалыматтын тактыгын текшерүүгө чакырды.