www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда окуучулар үчүн 095/у формасындагы медициналык маалым кат жана 026/у формасындагы алдын алуу медициналык кароо картасы электрондук форматка өткөрүлдү.

Бул тууралуу 8-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгын чыгарууда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аталган документтер кагаз түрүндө толтурулуп, саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын ортосунда кол менен өткөрүлүп келген.

Эми медицина кызматкерлери маалым каттарды «Sanarip Clinic» системасы аркылуу электрондук түрдө түзөт.

Маалыматтар билим берүү уюмдарына автоматтык түрдө жөнөтүлүп, ата-энелер үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болот.

Реформанын алкагында кагаз жүгүртүү жана административдик иштер кыскартылып, окуучулардын ден соолугу боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бул маалыматтар ооруларга мониторинг жүргүзүүгө жана тиешелүү башкаруу чечимдерин кабыл алууга пайдаланылат.

Последние новости